Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Чабуулдар башталгандан бери Алепподон 35 миң киши качкан


Бириккен Улуттар Уюмунун бүгүн берген маалыматы боюнча, Орусиянын абадан чабуулдары башталгандан бери Сириядагы ири шаарлардын бири Алепподон 35 миң адам качууга аргасыз болду.

Качкындардын көбү Алепподон түштүк-батыштагы Хадер жана Зербех аймактарына барышты. Качкындарда тамак-аш, күндөлүк керектелүүчү буюмдар тартыш болуп жатканын БУУнун гуманитардык байланыш кеңсесинин басма сөз катчысы Ванесса Хагюнин билдирди.

Алеппо жана анын тегерегиндеги чабуулдар 17-октябрда башталган.

2011-жылдан бери Сириянын төрт миллионго чукул атуулу өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Кагылышуулар 250 миңден ашуун сириялыктын өмүрүн жалмады.

XS
SM
MD
LG