Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

АКШнын Республика партиясынын лидери Ооганстанда аскерлердин санын көбөйтүүнү жактайт


АКШ сенатында көпчүлүктү түзгөн республикачылардын лидери Митч Макконел президент Барак Обаманын 2016-жылдан кийин да АКШ аскерлерин Ооганстанда калтыруу планын колдоп, бирок аскерлердин санын эки эсеге көбөйтүүнү жактады.

Обаманын планы боюнча 2016-жылдан кийин Ооганстанда 5500 америкалык аскер калат. Митч Макконел кеминде 10 миң аскер калыш керектигин жактайт.

Барак Обама 2017-жылы президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин Ооганстандан аскерлерди толук чыгарып, Кабулда элчиликти кайтаруу үчүн гана чакан топ каларын пландаган. Бирок Ооганстандагы кырдаал ал планды өзгөртүүгө мажбур кылды. Бул арада 20-октябрда Ооганстандын Фаряб провинциясында талибдер полициянын 18 кызматкерин колго түшүрүп алганы кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG