Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Абакта качкандардын дагы бири ооруканада каза болду


Чүйдөгү №50 абактан качып, кармалган беш кишинин бири – Бакыт Кенжегулов 21-октябрда таңга жуук оорудан улам жантаслим болгонун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди:

"Кенжегулов Бишкектеги №47 ооруканада каза болду. Алдын ала маалыматтарга караганда мээсине зак кеткен. Иликтөө уланып жатат", -деди Сабатарова.

Бакыт Кенжегулов – 37 жашта. Чүйдүн Москва районунун тургуну. Террорчулук, адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана башка беренелер менен өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Быйыл 12-октябрда абак кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен тогуз кишинин арасында болгон жана ошол эле күнү кармалган.

№50 абактан тогуз киши качып чыгып, бешөө кармалган. Алардын арасынан Таалайбек Жуманов шейшемби күнү жүрөгү кармап өлгөн.

Качып кеткен төртөөнүн экөө - Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев кармоо учурунда каршылык кылганы үчүн жок кылынган.

Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов издөөдө. (SE)

XS
SM
MD
LG