Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев эки апта мурун Бишкекте үч эм төрөгөн экинчи топтогу майып, Жылдыз Казиевага үй сатып алуу үчүн президенттик фонддон 1 миллион 200 миң сом бөлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Үй сатып алуу боюнча көзөмөл жүргүзүү Президенттик аппаратка тапшырылды.
28 жаштагы Жылдыз Казиева 9-октябрда үч эм төрөгөн. Жолдошу жана эки жарым жашар уулу менен Токмок шаарында ижара үйдө турат. (SE)