Башкы прокуратура Чүйдүн Ысык-Ата райондук жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө иштеген айрым кызматкерлерге кылмыш ишин козгоду. Алар жарандарды кыйнаган деп шектелүүдө. Иликтөө Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси боюнча жүргүзүлүүдө.
Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстандагы күч кызматкерлери жарандарга кыйноо колдонгон фактылар азайбай жатканын айтып келишет.
Буга чейин айрым милиция кызматкерлери тергөө маалында күч колдонгону үчүн соттолгон. (SE)