Төө буурчактын баасын көтөрүү талабы менен жергиликтүү дыйкандар тобу Талас облустук администрациясынын алдында ушул тапта митинг өткөрүүдө. Милициядан “Азаттыкка” билдиришкендей, фермерлер алгач музыкалык окуу жайдын жанына топтолгон.
Өткөн аптада Таластагы дыйкандар төө буурчактын баасы быйыл аябай арзан болуп жатканына нааразылык билдирип чыгышкан. Бул маселе өкмөттө да көтөрүлүп, жагдайды иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн.
Учурда төө буурчактын 1 килограммы 25 сомдон 35 сомго чейин алынууда. Мурдагы жылы төө буурчактын 1 килограммы 100 сомдун айланасында сатылган. (SE\SS)