«Таза Шайлоо» ассоциациясы 22-октябрда Ош шаарында өтчү тегерек үстөлдө шайлоодо инновациялык технологиялардын артыкчылыктары жана кемчиликтери сөз болот. Иш-чара “Жогорку Кеңеш 2015: технологиялык өнүгүүбү же акталбаган тобокелчиликби?” деп аталат.
Жыйында БШК менен Мамлекеттик каттоо кызматынын парламенттик шайлоого даярдыгы жана аны өткөрүүдөгү аракеттери, биометрикалык маалыматтар менен иштөөсү талкууланат. Чогулгандар шайлоочулардын тизмесин түзүүдөгү иштин сапаты, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана шайлоодон кийинки чырлар жөнүндө айтышат.
Ага БШКнын, Мамкаттоонун, өкмөттүн, аймактык шайлоо комиссияларынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышат.
Отурумда «Таза Шайлоо» ассоциациясы 4-октбярда өткөн шайлоого карата жалпы байкоолорунун отчетун жарыялайт. Парламенттик шайлоого аталган уюмдун 800дөн ашуун байкоочусу катышкан. (ErN)