Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Ооганстандын түштүгүндөгү шаарда уруш уланууда


Лашкаргах шаарында Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен "Талибан" согушкерлери ортосундагы кагылыш бүгүн да уланды.

Кечээ кечинде талиптер бул шаардын Бабажи деген районун ээлеп алган. Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, түндө Лашкаргахка кошумча күч жөнөтүлдү.

Кагылыштан улам айрым жергиликтүү тургундар качууга да мажбур болду. Уруш Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар жана Герат шаарларын байланыштырган кан жолдогу коопсуздукка да коркунуч жаратууда.

Лашкаргах - Ооганстандын апийимди эң көп өндүргөн Гильменд провинциясынын борбору. НАТО былтыр Ооганстандагы согуштук операцияларын аяктаганга чейин бул жерде АКШ жана Британиянын аскерий базалары турган. (UE)

XS
SM
MD
LG