Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

Аба ырайы: ченемден ашык суук болот


Кыргызгидромет агенттиги 22-24-октябрда Кыргызстандын аймагында ченемден ашык суук жана жаан-чачындуу аба ырайы болорун эскертет. Тоолорго кар түшүп, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө жамгыр карга айланышы мүмкүн. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерине, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтарга түйшүк жаратып, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө кар жаайт. Батыштан соккон шамал секундасына 4-9, айрым райондордо 23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 3...8,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 2...7,

Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 7...12,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4...9, күндүз 9...14,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,

Нарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...-6 градус суук болот.

Бишкек шаарында эртең менен жана күндүз жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Түнкүсүн 4…6, күндүз 6…8 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG