Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Евробиримдик жана Балкан өлкөлөрүнүн чукул саммити чакыртылды


Словения-Хорватия чек арасына топтолгон мигранттар. 20-октябрь, 2015-жыл.
Словения-Хорватия чек арасына топтолгон мигранттар. 20-октябрь, 2015-жыл.

Чукул саммит 25-октябрга чакырылганын бүгүн Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкердин кеңсеси билдирди.

Миграция кризисин жөнгө салуу маселеси талкуулана турган саммитке Австрия, Болгария, Хорватия, Германия, Греция, Венгрия, Румыния, Словения, Македония, Сербиянын лидерлери катышат.

Саммит Батыш Европага жетүүнү көздөгөн миңдеген мигрант Венгрия, Сербия жана Хорватия менен чек арасын жаап салган соң Балкан өлкөлөрүндөгү жолдордо камалып калган кезде чакырылууда.

Венгриянын чек араны жапкан чарасы Батыш Европага Балкан аркылуу келе жаткан мигранттар жолдун багытын Словенияга бурушун шарттады. Бирок Словения да Хорватия менен чек арасында Сирия, Ирак жана Ооганстандан келген мигранттардын өтүшүнө чектөө киргизди.

БУУнун Балкан өлкөлөрүндө мигранттарга жардам берип жүргөн өкүлдөрүнүн баамында, кыштын жакындашы менен мигранттар агымы азаят деген божомолдор азырынча ырастала элек. (UE)

XS
SM
MD
LG