Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:07

Душанбеде чек ара боюнча кезектеги кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтүүдө


Тажик баш калаасында бүгүн өкмөттөр аралык үч күндүк жыйын башталды. Өкмөттөн кабарлашкандай, чек ара боюнча сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кеткен. Тажикстандык топко вице-премьер Азим Иброхим башчылык кылууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 976 километрди түзөт. Анын 504 километри такталган. Негизинен чек аранын калк жашабаган, тоолуу аймактары чечилип, эл отурукташкан айылдардын айланасында иш бир топ убактан бери алга жылбай келет. Анын айынан соңку кездери эки өлкө жарандары арасында жаңжал күчөп, куралдуу кагылыштарга чейин барган. (SE)

XS
SM
MD
LG