Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 07:46

№50 абактын жетекчилиги иштен алынды


Камакта жаткандардын качып кетүүсүнө жана түрмө кызматкерлеринин өлүмүнө жол бергени үчүн Чүйдөгү №50 абактын Иманбек Телтаев иштен алынды. Ошондой эле Башкы ыкчам тартип башкармалыгы менен Тарбия башкармалыгынын жетекчиси, Коргоо департаментинин командири, тартип жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, байланыш жана техникалык камсыздоо тобунун улуу инспектору кызматтан четтетилди. Бул тууралуу буйрукка Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Алик Мамыркулов кол койгонун аталган мекемеден кабарлашты.

12-октябрда 50-абакта отурган 9 адам ал жердеги үч кызматкерди өлтүрүп, качып кеткен. Алардын экөө дагы эле издөөдө. Бешөө өлдү. Эки киши камакта. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG