Баткен облусунун борбор шаарындагы автобекет имараты 80-жылдары курулган. Эгемендик алган жылдары мекеме акционердик коом болуп менчиктештирилген. Учурда бекеттин негизги кеңсеси башка ишканалар үчүн ижарага берилип, автобекет администрациясы үчүн контейнерден бөлмөлөр курулган. Бул жерден күн сайын 15тей багыт менен 50дөй кичи автобустар келип-кетет.
Баткендеги менчик бекет

1
Автобекеттин айланасында шаардын борбордук базары жайгашкан. "Автобекет" деген жазуу жоктугунан Баткенге сырттан келген киши бул жер эмне экенин билбей кыйналышы мүмкүн.

2
Келип-кеткендер менен узатып же күтүп алуучулар күн жылуу учурунда сыртта эле тура беришет.

3
Жүргүнчүлөр, узаткан-күткөндөр үчүн күтүү залы бар. Бирок көпчүлүк учурда бул жерди кара кулп кайтарып турат.

4
Алыска жол тарткандын баары жакындары менен ушул жерден коштошуп, кайра келгенде ушул жерден жолугушат.

5
Бул кулпу күтүү залын кайтарып турат

6
Терезеден карганда күтүү залынын ичи кенен, ыңгайлуудай көрүнөт.

7
Гүлнара Мырзакаримова автобекетте нарколог болуп 12 жылдан бери иштейт экен. Күн сайын 50дөй кичи автобустардын айдоочуларын текшерип, жолго чыгууга уруксат берет. Автобекет администрациясына бул контейнердин бир бөлүгүндөгү кеңсеси үчүн айына 500 сом ижара акы төлөйт.

8
Мээринса Алтыбаева бул менчик автобекетке кирген-чыккан унаалардан 10 сомдон акы алат. Күнүнө автобекетке 300 сомдон төлөп ашкан акчага үй-бүлөсүн багат.

9
Жолго чыккандар үчүн кичи автобус жүргүнчүлөрүнө ушул контейнерден жасалган кассадан билет сатылат.

10
Чет өлкөгө жумуш издеп кетчүлөр аймактан көп болгонунан мындай жарнама, кулактандыруулар маанилүү.