Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:12

БУУ башкатчысы Израил менен Палестинаны тынчтыкка үндөдү


Пан Ги Мун жана палестин лидери Махмуд Аббас. Рамалла, 21-октябрь, 2015-жыл.
Пан Ги Мун жана палестин лидери Махмуд Аббас. Рамалла, 21-октябрь, 2015-жыл.

Пан Ги Мундун айтымында, ал тараптарды “адам өлтүрүү болбош керек деген туура сөздөрдү айтууга чакырды”. БУУнун башкатчысы бул тууралуу бүгүн Рамаллада палестин лидери Махмуд Аббас менен жолуккан соң билдирди. Мунун алдында ал күтүүсүздөн эле Иерусалимге барып келди.

Израил полициясы кабарлагандай, бүгүн алар жөөт аскерин моюнга бычак менен сайган палестиналыкты атып өлтүрүштү. Полициянын айтымында, бычак жеген аял жоокердин абалы оор. Бул көбүнесе жаш палестиндердин израилдик жайкын тургундарга жана аскерлерга бир айдан берки кол салууларынын акыркысы болду.

Кол салуулардан сегиз израилдиктин өмүрү кыйылса, Израил коопсуздук күчтөрүнүн колунан 47 палестиналык өлдү. Алардын арасында кол салууларды жасагандар да бар. (UE)

XS
SM
MD
LG