Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Жо Байден президенттик жарышка чыкпайт


Барак Обама жана Жо Байден. Вашингтон, 21-октябрь, 2015-жыл.
Барак Обама жана Жо Байден. Вашингтон, 21-октябрь, 2015-жыл.

АКШ вице-президенти Жо Байден 2016-жылкы президенттик шайлоого катышпай турганын бүгүн Ак үйдөн жарыялады. Ал бул чечимин жарыялап жаткан кезде жанында президент Барак Обама да турду.

72 жаштагы вице-президенттин алдыдагы шайлоого катышар-катышпасы бир нече айдан бери анык болбой турган эле.

Саясий талдоочулар эгер ал жарышка чыкса азыр коомдук пикирди сурамжылоодо Демократиялык партиянын үмүткөрлөрү арасынан алдыда турган Хиллари Клинтондун шайлануу мүмкүнчүлүгүнө кандай таасир берерин талдап жатышкан.

Көптөр эгер Байден шайлоого катышса, Клинтондун өнөктүгүн алсыратат деп болжошкон.

Хиллари Клинтон 2008-жылы ички партиялык жарышта президент Обамага уттуруп, кийин бир мөөнөт мамлекеттик катчынын кызматын аркалаган.(UE)

XS
SM
MD
LG