Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Орусиянын Сириядагы аба соккусунан кеминде 12 адам мүрт кетти


Сирия -- Орусиянын пилотсуз учагы.
Сирия -- Орусиянын пилотсуз учагы.

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында орус аскерий учактарынын соккусу талаа госпиталына да тийип, кеминде 12 адамдын өмүрүн алганы кабарланууда. Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уюмунун башчысы Рами Абдел Рахман 20-октябрдын кечиндеги бул чабуулдан мүрт кеткендердин арасында дарыгерлер жана жарандык коргонуу кызматынын өкүлү болгонун билдирди.

Сирия-америкалык медициналык коомунан Сармин шаарындагы бул аба соккусунан эки медицина кызматкери ажал тапканын кабарлашты. Уюм ошондой эле орус тарапты медициналык мекемелер менен жайкын тургундарды бутага алууну токтотууга чакырды.

Сириянын жаңылыктар агенттиги болсо Орусиянын аба соккулары Сарминде террорчулардын кеңсесин кыйратканын кабарлап, бирок андан жапа чеккен ооруканага тууралуу ооз ачкан жок.



XS
SM
MD
LG