Кыргызгидромет агенттиги апта соңуна чейин Кыргызстандын аймагында ченемден ашык суук жана жаан-чачындуу аба ырайы болорун эскертет. Тоолорго кар түшүп, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө жамгыр карга айланышы мүмкүн. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерине, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтарга түйшүк жаратып, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
22-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын көп жерин туман каптайт. Батыштан соккон шамал секундасына 2-7, айрым райондордо 20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3,
Баткен облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6 градус суук болот.
Бишкек шаарында эртең менен жана күндүз жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Түнкүсүн -1…-3, күндүз 1…3 градус жылуу болот.