Чүйдөгү №50 абактын кызматкерлерин өлтүрүп, качып кеткендердин бири Эдил Абдырахманов кармалган учурда анын жанынан “Ислам мамлекети” террордук тобунукуна окшош кара байрак табылды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдиргендей, анын колунда тапанча болгон.
Абдырахманов бүгүн Бишкектин четиндеги Ала-Тоо айылындагы коктуда колго түшкөн. Күч кызматкерлери анын бутуна атып, жарадар кылган соң кармалган.
Эдил Абдырахманов 29 жашта. Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылынын тургуну. Кылмыш-жаза кодексинин Адам өлтүрүү, уюшкан кылмыштуулук, террорчулук беренелери менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. Кыргызстанда тыюу салынган “Жайшул Махди” экстремисттик уюмунун мүчөсү.
12-октябрда №50 абактын үч кызматкерин өлтүрүп, бирин чалажан абалда калтырып тогуз кылмышкер качып кеткен. Бешөө ошол эле күнү кармалып, төртөө изин жашырган. Издөө иштеринин жүрүшүндө алардын экөө милициянын огуна учкан. Алтынбек Итибаев жана Эдил Абдырахманов изделип жаткан.
Колго түшкөн беш кишинин арасынан үчөө абакта каза болду. Алардын өлүмүнө жүрөк оору менен мээге кан уюганы себеп болгону айтылган. (SE)