Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Бишкекте Нарымбаев менен Коркмазовдун соту уланууда


Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин коррупциялык ишине байланыштуу кезектеги сот отуруму ушул тапта башталды.

19-октябрь күнкү отурумда айыпталуучу Коркмазов Бишкектин мурдагы мэри, азыр абакта отурган Нариман Түлеевдин мүлктөрүн камактан чыгартуу үчүн Нарымбаев 200 миң доллар пара сураганын айткан.

Нарымбаев муну куру жалаа деп атап, Түлеевди чыгаруу боюнча анын жакындары менен болгон сүйлөшүүгө КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков да катышканын белгилеген. Ошондой эле жагдайды өз убагында президентке жеткирип турганын, Алмазбек Атамбаев Түлеев андан ырайым сураса болорун айтканын кошумчалаган.

Жемкорлукка шектелген президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Нарымбаев менен экс-депутат Коркмазов быйыл июлда кармалышкан. Коркмазов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG