Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Өзгөндө маңзат сатып жүргөн эки адам кармалды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Өзгөн районунун Шералы айылынын 41 жаштагы тургуну 73 граммдан көбүрөөк марихуана алып баратканда, 21-октябрда колго түшкөн.
Ошондой эле район аймагында 45 жаштагы дагы бир жаран 3 литрлик банкада 200 грамм марихуана алып жүргөнү аныкталган.
Кармалгандар маңзатын өзү колдонуп, айылдаштарына да сатып жүргөнүн айткан. Кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. (ErN)
XS
SM
MD
LG