Пакистан армиясы 22-октябрда Ооганстан менен чектеш түндүк-батыштагы аймактагы аба соккусу 21 террорчуну тындым кылганын кабарлады. Пакистан аба күчтөрүнүн түнкү соккулары Хайбер аймагындагы Тирах жана Райгал деген айылдарга жасалган. Расмий билдирүүдө мындан башка толук малымат айтылган эмес. Бул чабуул Түндүк Вазиристанды Талибан жана ал-Каида согушкерлеринен тазалоо максатында 2014-жылы башталган ири операциянын бир бөлүгү.
Аталган аймакка журналисттердин кирүүсүнө тыюу салынгандыктан маалыматтын чын-төгүнүн тактоо мүмкүн эмес.