Окуя болуп жаткан жерден кабарчыларыбыз билдиргендей, атышуу болуп жаткан жерге ички иштер министри Мелис Турганбаев келди.
Милиция кызматкерлери беш кабаттуу №8 үйдү курчоого алышкан. Атышуулар уланып жатат. Үйдүн тургундары сыртка чыга албай турушат.
Алтынбек Итибаевдин колунда автомат бар экенин милиция кызматкерлери кабарлаган. 12-октябрда №50 абактан качкан тогуз кишинин акыркысы Алтынбек Итибаевди кармоо аракети бүгүн кечке жуук Достук кичи районунда жүрүүдө. (AiT)