БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зеид Раад аль-Хуссейн бүгүнкү билдирүүсүндө Чех өкмөтүн мигранттарды шарты начар жайларда кармаганы жана ошол үчүн да акча алганы үчүн сындап чыкты. Аль-Хуссейн мигранттардын укугу системалык түрдө бузулганына далилдер бар экенин, юстиция министри Роберт Пеликан да Прагадагы "Била Йезова" лагериндеги абал "абактагыдан да жаман" экенин моюнга алганын билдирди.
Чехия Сирия жана башка тынч эмес өлкөлөрдөн келген качкындарды Евробиримдиктин 28 өлкөсүнө бөлүштүрүү саясатына каршы чыгып келгени белгилүү.