Алматынын Медео районунун соту “Адам” журналын жабуу чечимин 22-октябрда чыгарды. Бул журнал бийликти сындаган аз сандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын бири эле.
Соттун чечимине ылайык журналдын Фейсбуктагы баракчасы дагы жабылат.
Маалыматка караганда, “Адам” журналы Казакстандын тил жөнүндөгү мыйзамын бузуп, орус тилде гана чыгарылганы үчүн жабылды. Казакстандын мыйзамы маалымат каражаттарынын мазмунунун жарымы мамлекеттик тилде болушун талап кылат. (AiT)