22-октябрда болгон сот жараянында мына ушундай чечим кабыл алынды. Бейшемби күнү Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Хажимурат Коркмазов президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге кантип 50 миң доллар алып келгени көрсөтүлдү. Коркмазов Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканын жеринен 15-июлда кармалган. Андан кийин бул иш боюнча Данияр Нарымбаев кармалган.
Нарымбаев менен Коркмазов Нариман Түлеевдин мүлкүн камактан чыгаруу үчүн Назгүл Түлеевадан пара алган деп айыпталууда. (AiT)