Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Курманбек Бакиев азыркы кыргыз бийлигин сындады


Курманбек Бакиев китебинин бетачарында. Минск, 22-октябрь, 2015-жыл.
Курманбек Бакиев китебинин бетачарында. Минск, 22-октябрь, 2015-жыл.

Кыргызстандын мурдагы президенти, ушу тапта Беларуста жашап жаткан Курманбек Бакиев жаңы китебинин бетачарында азыркы кыргыз бийлигин сындады. Ал убагында Алмазбек Атамбаевди өкмөт башчы кылып дайындаганына өкүнөрүн айтты. Андан сырткары, экс-президент Роза Отунбаева мамлекетти мыйзамсыз башкарган деди.

Бакиевдин “Кайгы, сүйүү жана ишеним: Менин Кыргызстаным” деген китебинин бет ачары 22-октябрда Минск шаарында Беларус улуттук маалымат борборунда болду. Китеп эки миң нускада чыкты. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, салтанат учурунда Курманбек Бакиев Беларустагы башкаруу системасын алкап, өлкөнүн бейпилдиги үчүн тост көтөрдү. Ал коопсуздук кызматкерлеринин коргоосунда жашап жатканын, уулу Максим Бакиев да Лондондо жансакчылардын коргоосунда жүргөнүн белгиледи.

Курманбек Бакиев тактыдан кулатылардан бир аз мурун, 2010-жылдын башында “Март ыңкылабы: элдин тарыхый тандоосу” аттуу китеп жазган эле.

Бакиев бийликтен куулгандан бери Беларуста жашайт. (SE)

XS
SM
MD
LG