Сирия жана Ирактагы согуштук аракеттерге аралашып жүргөн кыргызстандыктардын саны 400дөн көп. Алардын 40тан ашууну каза болгонун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында экстремисттик топтордун тузагына илингендер көп болууда. Арасында үй-бүлөсү менен кеткендер да бар.
Террордук топторго кошулгандардын көбү радикал маанайдагы динчилдер жана акча табуу үчүн кокустан тузакка илинген жаштар. Айрымдарын интернеттеги тааныштары чакырган. (SE)