Ош шаарында Кыргызстан менен Орусия жогорку окуу жайларынын биргелешкен көргөзмө-жармаңкеси уюштурулду. Иш-чара 23-24-октябрь күндөрү өтөт.
Анда жарандарга эки өлкөнүн алдыңкы окуу жайларында орундар, шарттар, программалар, социалдык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилет. Жармаңке оюн-зооктор менен коштолот.
“Кесипти тандоо аркылуу – келечекти тандайсың” деген ураан менен уюшулуп жаткан иш-чарага 10 чакты окуу жайдын өкүлдөрү, Орусиянын Оштогу консулдугун кызматкерлери катышат. (ErN)