Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Аба ырайы: үшүк жүрөт


Кыргызгидромет агенттиги апта соңуна чейин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -3 градуска чейин үшүк жүрөрүн билдирди. Мындай абал айыл чарба иштерине, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтарга түйшүк жаратып, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

24-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 6...11,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9,

Баткен облусунда түнкүсүн -1...-3, күндүз 7...12,

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-3, күндүз 8...13,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,

Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн туман түшөт. Түнкүсүн -3…-5, күндүз 8…10 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG