Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Франциядагы жол кырсыктан 42 киши мерт кетти


Франциянын түштүгүндөгү Бордо шаарына жакын жерден жүргүнчү автобусу менен жүк ташуучу машине кагышып, 42 адам өлгөнүн жергиликтүү расмийлер билдиришти.

Кырсыктан беш адам жарадар болгон. Машинелер кагышкандан кийин дароо өрт чыккан.

Жол апааты Бордо шаарынан 57 чакырым чыгыштагы кан жолдо болду.

50 жүргүнчүлүү автобус Франциянын түштүгүндөгү Ланд аймагына бара жаткан. Мерт кеткендердин көбү карылар.

Афинада расмий иш сапар менен жүргөн Франциянын президенти Франсуа Олланд каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG