Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Өзбекстанда доллар кымбаттап жатат

22-октябрь күнү Өзбекстандын валюта базарында доллар баасы кескин жогорулап кетти. Мурда 1 АКШ долларынын наркы 5500 сум болсо, азыр ал 6 миңге чыкты. Бир күндүн ичинде 500 сумга кымбаттоо жергиликтүү эл менен ишкерлерди дүрбөлөңгө салды деп кабарлайт “Азаттыктын” өзбек кызматы.

Өлкөдө банкротко учураган фирмалардын саны да көбөйгөн. Ташкенттеги салык инспекциясына 21-октябрь күнү иши жүрүшпөй калган 80 фирмадан арыз түшкөн. Эл аралык эксперттер Өзбекстандагы доллардын кымбаттоосун Орусиядагы эмгек мигранттары салган акчанын азаюусуна байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG