Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Өкмөт башчы мэрге атышуу болгон үйдөгү зыянды тактоону тапшырды


Атышуу болгон үй
Атышуу болгон үй

Премьер-министр Темир Сариев абактан качкан Алтынбек Итибаев менен күч кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон үйгө келтирилген зыянды тактоону Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовго тапшырды.

22-октябрда кечинде Бишкектин Достук конушунда Итибаевди кармоо операциясы жүргөн. Ал үч кабаттуу имараттагы батирлердин бирине жашырынганы аныкталып, күч кызматкерлери барган учурда куралдуу каршылык көрсөткөн.

Атышууда ошол үйдө жашаган 79 жаштагы Батыш Койчуманова менен 56 жаштагы Медет Какеевге ок тийип, набыт болушкан. Аларга кимдин огу тийгени азырынча айтыла элек.

Аткылоодо милициянын атайын кызматынын өкүлү Төлөбек Исмаилов да көз жумду. Бул үч өлүм боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Итибаев милиция аткан октон өлдү. Жалпысынан түрмөдөн качкан тогуз кишинин алтоо каза болду. (SE)

XS
SM
MD
LG