Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Ошто муун ооруларын дарылоо жумалыгы өтүүдө


Ошто "Муундар жана активдүү кыймыл" деген аталышта жумалык өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабарлашты. Өнөктүк алкагында дарыгерлер ачык асман алдында бейтаптарды текшерүүдө. Оорукана аймагында жүрүп жаткан иш-чарада облустардан, райондордон келгендер муун ооруулары боюнча кеп-кеңештерди алышууда. Апта башынан бери 300дөй адам текшерилди.

Жумалыкка байланыштуу дарыгерлер арасында “Ревматикалык дарт жана остеопороз” аттуу талкуу да уюштурулду. Акция 25-октябрда жыйынтыкталат. (ErN)

XS
SM
MD
LG