Ош облусунун Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп кармалды. Ал жергиликтүү тургундар Ички иштер министрлигине жазган арыздын негизинде колго түшкөнүн, текшерүү иштерин министрликтин 5-бөлүмүнүн адистери жүргүзүп жатканын “Азаттыктын” өздүк булактары кабарлады.
Айыл өкмөт башчы мамлекеттик фонддун айыл чарба жерлерин ижарага берип, ар бир гектарына 40 000 сомдон пара алганы айтылууда. (SE)