Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Эл аралык фестивалда казак театры баш байге алды


19-октябрда Бишкекте башталган “Арт-Ордо” эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталды. Мыктыларды тандоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты улуттук филармонияда өттү. Фестивалга ат салышкан театрларга жана актерлорго диплом тапшырылып, мыкты режиссер жана эң жакшы сүрөтчү наамына 25 миң сом, мыкты аял жана эркек ролдору үчүн 20 миң сомдон акчалай байге берилди.

Эң мыкты спектакль деп Мухтар Ауэзов атындагы казак академиялык драма театрынын “Каш-кагым” пьесасы тандалып, баш байгеге 60 миң сом берилди. Ал эми «Мыкты режиссер» номинациясына Тажикстандан келген Нозим Меликов татыктуу болду.

Жергиликтүү театрлардан Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын сүрөтчүлөрү Евгения Акс, Николай Жестовский жана Алена Иргашева “Мыкты сценография” номинациясын алды. Султан Ибраимов атындагы Ош мамлекеттик театры “Дели бийи” аттуу спектакли менен калыстардын атайын сыйлыгына арзыды. Нарын облустук театрынын актрисасы Света Абдыкадырова “Ботокөз” спектаклинде аткарган ролу үчүн “Мыкты аялдын ролу” номинациясын жеңди.

“Арт-Ордо” эл аралык театр фестивалы 19-октябрда башталган. Кароо сынакка Казакстан, Тажикстан, Татарстандан келген жана жергиликтүү театр жамааттары кошулуп жалпысынан 12 спектакль ат салышты. Аталган фестиваль 2003-жылы Маданият, туризм жана маалымат министрлиги тарабынан уюштурулган. ( ZA)

XS
SM
MD
LG