Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Ош казыяты спорттук мелдеш өткөрүүдө


Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде жаштарды террористтик жана экстремисттик агымдарга аралашып калбоого үндөгөн спорттук мелдеш башталды.

Бул иш-чараны Ош облустук казыяты диний окуу жайлардын арасындагы байланышты күчөтүү жана жаштардын ар түрдүү терс агымдарга кирип кетүүсүнүн алдын алуу максатында уюштурууда. Студенттер футбол, волейбол жана теннис боюнча мелдешет. Казыяттын өкүлү Ыйманали Матраимовдун “Азаттыкка” айтымында, ага облустагы тогуз медреседен спорттун үч түрү боюнча тогуздан команда катышууда. Командаларга медреселердин мугалимдери да кошулган.

Айрым маалыматтар боюнча акыркы убактарда Кыргызстанда диний радикалдашуу күч алган. Натыйжада ар кандай азгырыктар аркылуу тыюу салынган диний агымдарга киргендердин саны арбып, Сириядагы согушка тартылгандар көбөйүүдө.(КЕ)

XS
SM
MD
LG