Ош шаарындагы №5 тергөө абагынын башчысы Абдыкадыр Асанов кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка, 23-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Алик Мамыркулов кол койду. Аталган мекемеден “Азаттыкка” билдиришкендей, Асанов ротациялык эрежеге байланыштуу иштен алынды. Ушундай эле негизде №2-3-8-16- түзөтүү абактарынын жетекчилери кызматтан бошогон.
Апта башында абак кызматкерлерин өлтүрүп, кылмышкерлердин качып кетүүсүнө жол бергени үчүн №50 абактын башчысы Иманбек Телтаев жана бир катар жетекчилик кызматтагы кишилер жумуштан бошотулган. (КЕ)