Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Баткен окуясында курман болгондор эскерилди


Бүгүн Бишкекте Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү күнүнө карата митинг-реквием өттү. Ага Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев, ардагерлер жана курман болгондордун жакындары катышты. Ушул эле күнү Баткен окуясында курман болгондордун үй-бүлөсүнө 5 миң сомдон берилди.

Коргоо министрлигинин 2013-жылдагы буйругуна ылайык, 26-октябрь Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү күнү деп жарыяланган.

1999-жылы Баткенге Өзбекстандын ислам кыймылы аттуу топ кол салган. Маалыматтарга караганда ага мурда аскерде кызмат өтөп кеткен 600гө чукул адам чакырылган, 82 киши набыт болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG