Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча талкуу жыйынтыкталды


Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө 14-өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны соңуна чыкты. Бул тууралуу маалымат бүгүн Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. “Эки тарап кызматташуудагы актуалдуу суроолорду, анын ичинде соода-экономикалык, транспорт-байланыш, гуманитардык багыттагы маселелерди сүйлөштү,” – деп жазылат маалыматта. Маалыматка караганда, жолугушуунун соңунда протоколго кол коюлду.

Эки күндүк жыйында кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектеген. Тажикстандык топко вице-премьер Азим Иброхим башчылык кылды. Буга чейин кыргыз өкмөтү жолугушууда чек ара маселелери талкууланарын билдирген. Бирок тажик тарап тараткан маалыматта чек ара тууралуу маалымат жазылган эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы такталган. Негизинен чек аранын калк жашабаган, тоолуу аймактары чечилип, эл отурукташкан айылдардын айланасында иш бир топ убактан бери алга жылбай келет. Анын айынан соңку кездери эки өлкө жарандары арасында жаңжал күчөп, куралдуу кагылыштарга чейин барган. (КE)

XS
SM
MD
LG