Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Ошто таза сууга электрондук эсептегичтер орнотула баштады


Ош шаары
Ош шаары

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ош шаар сууканал” муниципалдык ишканасынан кабарлашты. Калаада биринчилерден болуп Туран кичи районундагы 3666 абонентке ичүүчү сууга электрондук эсептегич коюлду. Эсептегичтер жакын арада Амир-Темур жана Ак-Тилек кичирайондорунун жер үйлөрүнө орнотулат. Шаардын башка аймактарындагы көп кабаттуу үйлөргө суу өлчөгүчтөрдү коюу эмки жылы бүтөөрү мерчемделүүдө.

Бул сууну ысырапкерчилик менен колдонуунун алдын алуу үчүн жүргүзүлүп жатканын адистер белгилешет. Буга чейин шаардыктар түтүктөр аркылуу келген суу менен бак-дарактарын сугарып, унааларын жууган учурлар кездешкен. Мындан сырткары унаа жуучу жана башка ишканалар да сууну керектүү өлчөмдөн ашыкча колдонуп жаткандыгы айтылып келген.

Ош шаары ачык сактоочу жайдан суу ичет. Европа өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоор аркылуу шаарда дагы жаңы суу кампасы курулган. Ал жакын арада ишке берилери айтылууда. Учурда калаада 200 миңден ашык абонент таза суу пайдаланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG