Абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо операциясында каза тапкан Төлөбек Исмаиловдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына колдоо көрсөтүү максатында Нарын облустук ишки иштер башкармалыгынын өздүк курамы атайын кеңешме өткөрдү. Анда тартип сакчылары курман болгон Исмаиловдун үй-бүлөсүнө бир күндүк маянасын которуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.
Нарын ОИИБде 400дөн ашык кызматкер бар. (MiK)