Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Нарын: Ак-Талаада ветеринардык эмкана ачылды


Бүгүн Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында ветеринардык эмкана ачылды. Мында жергиликтүү тургундар малын эмдетип, коюнун жүнүн кырктырып кетсе болот. Эмкананы салууга жергиликтүү бюджеттен 175 миң сом бөлүнгөн. Ал эми курулуш иштерине айылдыктар жардам берген. Бул Ак-Талаадагы үчүнчү эмкана. Буга чейин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ар бир райондо бештен кем эмес ветеринардык эмкана салынсын деп тапшырма берген болчу.

Жыл аягына чейин облус аймагында малды эмдеген жайдан жыйырма бешти куруу пландалууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG