Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогун "Абдыш-Ата" клубу утту


Футбол боюнча 2015-жылдагы Кыргызстандын кубогуна Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу ээ болду.

"Абдыш-Атанын" оюнчулары финалдык беттеште Канттын "Наше Пиво" клубун 4:2 эсебинде утуп алышты. Кыргызстандын футбол лигасынан билдиришкендей, оюн бүгүн, 24-октябрда Кант шаарынын "Борбордук" стадионунда өттү.

Кыргызстан кубогунун жарым финалында "Абдыш-Ата" клубу Оштун "Алай" клубун жеңип алган. Ал эми "Наше Пиво" клубу Бишкектин "Дордой" клубун утуп, алгачкы жолу башкы олжо үчүн финалдык таймашта ойноого жолдомо алган. Кыргызстандын кубогунун финалында "Абдыш-Ата" бешинчи жолу ойноп, төртүнчү жолу жеңүүчү болууда. Буга чейин 2007, 2009 жана 2011-жылдары бул кубокту утуп алган. Ушул тапта "Абдыш-Ата" Топ лигада 4-орунда жайгашууда. "Наше Пиво" биринчи лигада көч башын жетектейт. Бул кубокту эң көп жети жолудан "Дордой" жана "СКА-ПВО" клубдары уткан. (ECh)

XS
SM
MD
LG