Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Брюсселде миграция кризиси талкууланат


Хорватияга келген мигранттар
Хорватияга келген мигранттар

Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер башында турган чукул саммит бүгүн Брюсселде өтөт. Миграция кризисин жөнгө салуу маселеси талкуулана турган жыйынга Австрия, Болгария, Хорватия, Германия, Греция, Венгрия, Румыния, Словения, Македония, Сербиянын лидерлери катышат. Эгер Германия жана Австрия бир чечим чыгарса Болгария, Румыния жана Сербия мигранттар үчүн чек арасын жабууга даяр экенин билдиришүүдө. Буга чейин Болгариянын премьер-министри Байко Борисов серб жана румын кесиптештери Александр Вучич жана Виктор Понта менен сүйлөшкөн учурда Балкан өлкөлөрү “буфердик аймакка” айланып калбашы керек экенин белгилеген.

Венгриянын чек араны жапкан чарасы Батыш Европага Балкан аркылуу келаткан мигранттар жолдун багытын Словенияга бурушун шарттады. Бирок Словения да Хорватия менен чек арасында Сирия, Ирак жана Ооганстандан келген мигранттардын өтүшүнө чектөө киргизди.

Бүгүнкү саммитте Балкан өлкөлөрүндөгү миграция кризисин чукул арада чечүү жолдору талкууланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG