Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Алайдын жумурткасы экспорттолот


Бул тууралуу “Азаттыкка” «Бай Алай» программасынын координатору Максат Койчуманов билдирди. Чоң-Алай жана Алай районундагы 15ке чукул тоок фермери эки райондун жумуртка өндүрүүчүлөрүнүн эн белгисин иштеп чыгып, ошол бренд аркылуу продукцияны башка жактарга экспорттоону пландашты. Фермерлер жаңы технологияларды ишке салуу аркылуу аймакта бир нормадагы жумуртка өндүрүүнү көздөшүүдө. Учурда алар тоокторду америкалык тоют системасы менен багышууда.

Алай жана Чоң-Алайдагы чакан бизнести өнүктүрүүгө арналган «Бай Алай» программасынын алкагында фермерлер тренингдерге тынымсыз катышууда. Аталган программа Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланууда.

Эки райондо 20га жакын тоок фермасы бар. Мындан сырткары ар бир үйдө тоок багылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG