Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:31

Ошто айыл чарба жармаңкеси өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 29-октябрда Ош шаарында өтчү атайын айыл чарба жармаңкесинде жети райондон келген дыйкандар күзгү түшүмдөрүн жаят. Алар өздөрү өндүргөн жашылча жана мөмө-жемиш, дан-азыктарын базар баасынан арзан сатышат.

Жармаңке Ошто өндүрүлгөн айыл чарба продуктуларын сатып алууга коомчулукту чакыруу жана аны өндүрүүнүн жаңы ыкмаларын дыйкандарга үйрөтүү максатын көздөйт.

Ош облусу союз учурунан бери агрардык аймак катары саналат. Бул дубанда калктын дээрлик 80-90% дыйканчылык менен жан багат. (ErN)

XS
SM
MD
LG