Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:30

Бильярдчы Дастан Лепшаков дүйнө чемпиондугунун финалында ойнойт


Кыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаков ушул күндөрү Финляндиянын Иматра шаарында өтүп жаткан бильярддын «динамикалык пирамида» түрү боюнча дүйнө чемпиондугунун финалында ойнойт.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, ал алтын байге үчүн беттеште белорусиялык Евгений Салтовский менен таймашат. Финалдык беттешке чейин Лепшаков орусиялык Никита Володинди 7:4, белорусиялыктар Святослав Семеновду 7:5, Сергей Крыжановскийди 7:6, украиналык Павел Родионовду 7:6 эсебинде утуп алган. Жарым финалда дүйнө чемпиону, орусиялык Никита Ливаданы 7:1 эсебинде жеңди.

Алтын байге үчүн Дастан Лепшаков менен Евгений Салтовскийдин беттеши бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат. Оюн 7 жеңишке чейин уланат. 18 жаштагы Дастан Лепшаков 2014-жылы Чолпон-Ата шаарында жаштар арасында “кураштырма пирамида” боюнча дүйнө чемпиону болгон. 22-октябрда башталган бильярддын динамикалык түрү боюнча дүйнө чемпиондугуна 14 өлкөдөн 61 спортчу катышты. Оюндар олимпиадалык система боюнча өткөрүлдү.

Кыргызстандан бул мелдешке Лепшаков менен кошо бильярддын “динамикалык пирамида” түрү боюнча дүйнөнүн бир жолку, “кураштырма пирамида” (комбинированная пирамида) түрү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев да барган. Ал алгач финляндиялык жана грузиялык атаандаштарын 7:2 жана 7:1 эсебинде ири айырма менен жеңип, бирок жарым чейрек финалда казакстандык Алибек Омаровго 7:2 эсебинде утулуп мелдештен четтеп калган. (ECh)

XS
SM
MD
LG