Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:01

Украинада жергиликтүү бийликтерге шайлоо өтүп жатат


Добуш берүү 33 миң шайлоо участкасында өтүүдө. Бул күнү украиналыктар облустук жана райондук маанидеги 359 шаардын мэрин тандашат. Мындан сырткары өлкө боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары, аймак жана шаар башчылары шайланат.

“Петр Порошенконун блогу” партиясы Мариуполдо шайлоо болбой калганын билдирди. “Украинская правданын” жазганына караганда, Мариуполь шаардык шайлоо комиссиясы бюллетендерди кабыл алган эмес. Ошондой эле Красноармейскте да шайлоо участкасы ачылган жок. Аймактык шайлоо комиссиясы муну бюллетендеги мөөрдө ката кеткени менен түшүндүргөн.

Украин парламенти жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоо өткөрүү боюнча долбоорду быйыл июлда жактырган. Жогорку Рада кабыл алган долбоорго ылайык, Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактарда шайлоо өтпөйт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG