Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Асад мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө макул


Сириянын президенти Башар Асад мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө макул экенин жана ага катышууга даярдыгын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын Коммунисттик партиясынан депутат Александр Ющенко Асад менен болгон жолугушуудан соң айтты.

Бүгүн Сирия мамлекет башчысы Дамаскта өз резиденциясында Орусиядан барган парламенттик делегацияны кабыл алган.

“Асад Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоого, эл макул болсо бардык саясий күчтөр менен бирге парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүүгө даяр”, - деп билдирди депутат Ющенко.

Орусиянын парламентарийлери Дамаскка жума күнү барган. Депутаттар бир катар министрлер, диний лидерлер менен жолугушуп, Орусия-Сирия карым-катнашы, анын ичинде терроризмге каршы күрөшүү маселесин талкуулады. Каза болгон аскерлердин балдарына гуманитардык жардамдар берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG