Бул тууралуу “Азаттыкка” Сулайман-Тоо музей комплексинин илимий иштер боюнча жетекчи орунбасары Хайрулло Ибайдуллаев билдирди. Анын айтымында, музейге кирүү жана Сулайман-Тоодо саякаттоонун баасы 70 пайызга өстү. Мурда 20 сом болсо, азыр 50 сомго кымбаттады. Сулайман-Тоону кыдыруунун баасы мурда 10 сом болсо, эми 20 сомго көтөрүлдү.
Музей жетекчилиги баалардын өсүүсүн электр энергиясынын жана курулуш каражаттардын кымбаттоосу менен түшүндүрдү. Ошондой эле бул монополияга каршы күрөш департаменти менен макулдашылганын кошумчалады. Сулайман-Тоого быйылкы тогуз ай ичинде 70 миңден ашык конок келген. Анын эки миңден ашыгын чет өлкөлүк туристтер түзгөн. (YI)